Нарында таштанды сорттоочу ишкана курулуп жатат

Нарын шаарынын Карга-Жайлоо таштанды полигонунун жанына таштанды сорттоочу кичи ишкананын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

«Ишкана жалпысынан 9 миллион сомго чукул каражатка курулууда. Ишкананы куруп жаткан “ Мелисса Строй Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомунун өздүк салымы 30 миң доллар. Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын туруктуу өнүктүрүү, экологияны сактоо багыттарынын алкагында 60 миң долларлык кайтарымсыз колдоо көрсөтүлдү. Ал эми муниципалитет тарабынан жер аянты чечилип берилди. Кичи заводдун ишке кириши менен 15 адам иш менен камсыз болуп, таштандынын 36 түрү сорттолот»,- деп айтылат маалыматта.