Нарында тазалык кызматкерлерине ысык тамак бериле баштады

Нарын шаарындагы “Таза-Нарын” ишканасынын кызматкерелерине 1 маал ысык тамак бериле баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ишкананын атайын эсебиндеги акча каражаттарынын эсебинен шаардын санитардык тазалыгын камсыздоочу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу жумуштарын аткарган жумушчуларга шарт түзүү максатында атайын ашкана салынып, жабдылып иштей баштады», — деп жазылат маалыматта.

Мекеме жетекчиси Акыл Турдубек уулу буга чейин кызматкерлерге айран, каймак жана нан таратылып келгенин, эми атайын ашканадан тамак берүү планын ишке ашырганын айтты.