Бүгүн, 4-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына болгон иш сапарынын алкагында 25-октябрь күнү Нарын шаарында үч эм кызды жарыкка алып келген Алтынай Майрамбековадан жана кыздарынан кабар алды.
Камчыбек Ташиев президенттин атынан 500 миң сом жана Нарын шаарында салынып жаткан мамлекеттик ипотекалык үйдөн үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Облус башчысы Алтынбек Эргешов 35 миң сомдун сертификатын ыйгарды. Нарын шаардык мэриясы буга чейин 30 миң сомдун сертификатын тапшырган болчу.