Нарында унаа жүктөлгөн трал жолду тосуп калган видео тарады

Соцтармакта Нарында унаа жүктөлгөн трал жолду тосуп калган видео тарады. Маалыматтарга караганда, жол тайгак болгонуна карабай, унаанын дөңгөлөгүндө тоңголокко каршы чынжыр болгон эмес.

Буга чейин Транспорт министрлигинен узак сапарга чыккан айдоочуларга унааны кышкы дөңгөлөккө өтүүсүн, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сакташы зарыл экендигин жана каршы тилкеге чыкпай айдоону эскертишкен болчу.