Нарында «Ынтымак кубогунун» алкагында 7 балалуу үй-бүлөнү үйлүү кылышты

Нарын шаарында 1972-1982-1992-2002-жылы төрөлгөн муун тарабынан уюштурулган кезектеги «Ынтымак кубогу» өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынан маалымдашты.

Аталган муун ынтымак оюнунун алкагында, салт болуп калган кайрымдуулук иш-чарасын дагы өткөрүшүп, дагы бир көп балалуу үй-бүлөгө 4 бөлмөлүү үй алып беришти. Нарын облусунун казысы, жаңы үй алышкан үй-бүлөнүн жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда үй тапшырылып, демөөрчүүлөргө бата берилди. Аталган муундар арасындагы «Ынтымак кубогунун» алкагында уюштуруучулар 24 жаранды үйлүү кылышкан. Жергиликтүү тургундарды социалдык жактан камсыздоодо зор салым кошуп келе жаткан аталган муун өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдиришти.