Бүгүн, 4-сентябрда Нарын районунун Кеңеш айылындагы «Нарын» аба майданына алгачкы рейс ийгиликтүү конду.
Аны менен 53 жүргүнчү келген. Ошондой эле учак кайра 55 жүргүнчү менен Бишкекке учат. Маалыматтарга караганда, учак жумасына бир ирет, тагыраагы ар бейшемби күнү каттап турат. Билет баасы 2 миң 100 сом. Билетти ASMAN Airlines компаниясынын атайын мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот. 5 жашка чейинки балдар үчүн 10 орун бекер, 6 жаштан 12 жашка чейинкилерге жеңилдиктер каралган.