Нарындагы арыктан табылган жансыз дене. Милиция маалымат берди

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында дренаждык арыкта эркек кишинин жансыз денеси табылганын, маркумдун 1985-жылы туулган жаран экендиги аныкталганын билдиришкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Нарын ОИИБ менен байланышканыбызда, маркумдун денесинде криминалдык тактар жок экенин, экспертиза дайындалганын айтышты. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жарандын байма-бай спирт ичимдиктерин колдонуп келгендиги аныкталган.