Нарындагы базарлар да ижара акысын арзандатат (видео)

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Нарын облусундагы соода жана оюн-зоок комплекстеринин ижара акысын арзандатуу боюнча УКМК маалымат берди.

Аталган дубандын ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды. Тактап айтканда, соодагерлер үчүн ижара баасын төмөндөтүү чечими төмөнкү соода-базар комплекстеринин администрациялары тарабынан кабыл алынды:

— “Абдырай-Ата” (Нарын шаарындагы ун базары), Р.Ашымжановага катталган;
— “Береке” (Нарын шаарындагы бут кийим базары), А.Медербековго катталган;
— “Он-Арча” (“Мукаш-Ата” ЖЧКсы, Нарын шаары), О.Акбагышевага катталган;
— “Мегакомфорт” (Нарын ш.), Ч.Асановага катталган;
— “Эки-Нарын” (Нарын), А.Адучуевага катталган;
— “Чойбек-Ата” (Нарын), Ж.Диканбаевага катталган;
— “Чолук-Ата” Нарын ш.), Ж.Тентимишовго катталган;
— “Өсей-Ата” СБКсы (курулуш материалдары, Нарын ш.), Т.Женчороевге катталган;
— “Чолпон” СБКсы (Нарын), К.Нааматовага катталган;
— “Теңир-Тоо” СБКсы (Нарын), Н.Данияровага катталган;
— Жеке ишкер “Бейшенбеков Болот” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору), Б.Бейшенбековго катталган;
— “Алтын-Ордо” соода борбору (Кочкор районунун борбору), ээси М.Асакеев;
— Жеке ишкер “Ибраев Каныбек” кийим базары (Кочкор районунун борбору), К.Ибраевге катталган;
— Жеке ишкер “Жанузаков Сагынбек” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору), С.Жанузаковго катталган;
— “Дордой” мал базары (Ат-Башы айылы, Ат-Башы району), тең негиздөөчүсү Н.Жоломанов;
— “Береке” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), Ж.Айтбаевге катталган;
— “Ак-Жолтой” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), директору Н.Мамажанов;
— Жеке ишкер “Оторбаева Сатынбүбү” (Жумгал районунун Куйручук айылындагы мал базары), директору Б.Турумбеков;
— “Керек-Жарак” СБКсы (Баетов айылы, Ак-Таалы району), ээси Б.Сагындыкова жана башка.

«Соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар менен акысыз камсыз кылышат», — дешти.