Нарындагы Кара-Үңкүр электр энергиясы менен камсыз болду

Бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясыз жашаган Кара-Үңкүр бөлүмүнүн жол оңдоо пункту электр энергиясы менен камсыз болду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

13-июнда энергетика министри Таалайбек Ибраев иш сапары менен Нарын облусуна барып, Нарын районундагы Казан-Куйган айыл аймагында жайгашкан Кара-Үңкүр жол тейлөө пунктунун тургундары менен жолугушуп, бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясы жок жашаган пункка жарык берүү иш-чарасына катышты.

Жалпы сметалык баасы 10 миллион сомду түздү. Бул жерде 16 түтүн жашап, алардын көбү жолдо эмгектенет.