Нарындагы креативдүүлүк: «Жаныбарлар» да ишембиликке чыгышты (сүрөт, видео)

Жазгы айлана-чөйрөнү тазалоо иштерине шаардык маданият бөлүмүнүн жамааты жаныбарлардын образында чыгышты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Алар жарандарга жакшы маанай жана жалпы ишембиликке жашоочулардын көңүлүн бурдуруу максатында ушундай образда чыгышкан. Жаныбарлардын кийимин кийген маданият кызматкерлери шаар аралап, жашоочуларды айлананы таштандыдан тазалоо иштерине катышууга чакырып, түшүндүрүү иштерин алып барышты. Иш-чара Нарын шаардык мэриясы, шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган.