Нарын мамлекеттик университетинде 300дөн ашуун студент окуудан чыгарылып, 13 кызматкер жазага тартылып, окуу жайдын айрым жетекчилерин кызматтан алуу сунушталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупцияны жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки иш-чаралардын натыйжасында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун чет өлкөлүк студенттер чыгарылып, 13 окуу жайдын кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, институттун директору кызматынан четтетилип, ЖОЖдун жооптуу жетекчилерин кызматтан алуу сунушталды.
2023-жылдын аягында окуу жайдын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери билим берүү тармагындагы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен 400дөн ашуун чет өлкөлүк студенттерди башка ЖОЖдордон которуу жолу менен кабыл алышканы аныкталган. Тактап айтканда, кабыл алуу комиссиясы аталган студенттерди окууга кирүү үчүн керектүү документтеринин жоктугуна жана сабактар боюнча академиялык айырмачылыктардын жол берилген санынан ашып кеткендигине карабастан дистанттык окууга өткөргөн.
Ошондой эле, окуу жайдын жетекчилиги тарабынан окуу жайдын компетентсиз кызматкерлерин атайылап кабыл алуу комиссиясынын курамына киргизип, аларга басым көрсөтүү жолу менен комиссиянын жасалма иштерин уюштуруп, айрым чет элдик студенттерди жасалма документтер менен НМУга өтүшүнө жол бергени такталган.
Студенттерди мыйзамсыз которуу жана кабыл алуу фактысы Билим берүү жана илим министрлигинин тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында түзүлгөн комиссиясы тарабынан тастыкталып, чет өлкөлүк жарандарды окутуу процессинде дагы бир катар одоно мыйзам бузуулар аныкталган, анын ичинде: онлайн сабактар өткөрүлбөй, негизсиз баалар коюлган, студенттердин жеке электрондук кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгү көзөмөлсүз жана окуу графигинен тышкары берилген, контрактты төлөө боюнча ири карыздар болгон.
Окуп жаткан студенттердин көпчүлүгүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерди абсолюттук билбегендигине карабастан, тесттер аларда көрсөтүлгөн тилдерде кабыл алынгандыгы жана сессиянын жүрүшүндө аларга жогорку баалар коюлгандыгы аныкталган. Ал эми ЖОЖ тарабынан башка тилдерде окутуу каралган эмес.
Ошентип, университеттин жетекчилиги жана чечим кабыл алуучулар билим берүүнүн сапатына көңүл бурбай, чет элдик студенттерди кабыл алуудан жалаң каржылык пайда алууга аракет кылышкан. Натыйжада коррупция үчүн шарттар түзүлүп, өлкөнүн эл аралык билим берүү кызматтарына ишенимдин төмөндөшүнө өбөлгө түзүлгөн.
Мындай болсо чекеден чукуш кк, бүт окуу жайларды. 9,10,11 класстар бар сырттан окуган, бүт 4,5 деген баалар коюлат, акчага. Кара-суу районунда, №49 Э.Тельман а.о.мектепте, сырттан окуу мектебинде. Директору ар бир мугалимдин айлыгынан акча алат, еще окуучулардын контрагынан сырткары да акча сурайт аттестат, күбөлүк берип жатканда, себеби алар окууга келбейт.
Университеттин ректору Сияев Таштанды камап койсо деле болмок.Мурда бир жолу коррупциялык иштерге аралашкан үчүн кызматтан кетип,кайра келген.