Нарындан жоголгон 11 жаштагы кыз Бишкектен табылды

Нарын облусунан жоголгон мектеп окуучусу Айтурган Садыкова Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кечээ, 7-июнда кыздын жакындары кайрылып, 6-июнда 11 жаштагы кыз Кочкор районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча, дайынсыз болуп жатканын айтышкан эле. Жакындары аны жарандар Бишкек шаарындагы автовокзалдан көрүшкөнүн билдиришкен. 

Бүгүн, 8-июнда ал Батыш автобекетинин жанынан табылып, борбордун Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Анын ата-энеси дагы Бишкекте.