Нарындан Токмокко мал сатып алууга келген жаран дайынсыз болуп жатат

Чүй облустук милициясы Нурлан Эсен уулун издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1997-жылы туулган Нурлан 1-июнда Нарын облусунун Кочкор районунан Токмок шаарына мал сатып алуу үчүн келген. 1-июнь саат 08:00дөн тарта ал байланышка чыкпай калган.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 03138 6-31-02, 0555 023651, 0707 419141 номурларына чалсаңыздар болот.