Нарындын эң алыскы чек ара заставасына алгачкы жолу электр кубаты жеткирилди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу чек ара заставасына электр энергиясын өткөрүү боюнча жумуштары аяктап калды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30 жылдан ашуун убакытта заставанын күнүмдүк жашоо тиричилиги дизелдик электр станциясынан көз каранды болуп келген, ошого байланыштуу электр энергиясы бекитилген убакта гана чектелген көлөмдө берилчү.

«Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон планынан сырткары иш сапарында бул чек ара заставасына барып жеринен тишелүү мамлекеттик органдарга жыйырма күндүн ичиниде чек ара заставасына өнөр-жай электр энергиясын тартып берүү тапшырмасын койгон. Бүгүнкү күндө трансформатор жана мамычаларды орнотуу жумуштары аяктап калды. Жумушчулар подстанциянын ишин жөнгө салуу жана жогорку чыңалуудагы зымдарды тартуу иштерин аткарып жатышат»,— деп айтылат маалыматта. 

Чек ара заставасында өнөр-жай электр энергиясынын бар болушу бир гана мамлекеттик чек ара кайтаруунун жөндөмдүүлүгүн жогорулатпастан катаал климаттык шартта кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо шарттарын да бир кыйла жакшыртат.