Нарындын жаңы башчысы Дөбөлү айыл өкмөтүнө барып, кызматкерлерди таппай калды (видео)

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров бүгүн, 4-июлда Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө барып текшерүү жүргүзгөн.

Саат 9:00гө барып, кызматкерлерди таппай калган. Ал айыл өкмөттөгү кечиккен 10 адамды белгилеп, алардан түшүнүк кат алып, чара көрүүнү тапшырды.

Ошондой эле жол салып жаткандар менен да сүйлөшүп, ишти тездетүүнү айтты.