Нарындын облус башчысы тургундарды Жаңы жыл менен троллейбустарга түшүп куттуктады

Кечээ, 31-декабрда Нарын шаарында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен жаңы жылдык майрамдык иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу аталган облустагы президенттин өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Шаардагы троллейбустарда жүргүнчүлөргө Нарын шаарынын жана Нарын районунун жетекчилиги менен уюштурулган жаңы жылдык каармандардын катышуусундагы майрамдык оюн-зоок болду. Облус жетекчиси эл менен троллейбустарга түшүп, жаңы жылдык куттуктоосун арнады. Кечкисин борбордук аянтта шаңдуу маанайдагы концерттик программа уюштурулуп, шаар тургундарына жана меймандарына майрамдык маанай тартууланды.