Нарындын уздарынын колунан жаралган шырдак 400 миң сомго сатылды

Кечээ, 28-июнда Нарында өткөрүлгөн «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалына Япония, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринин элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Иш-чарага 1000ден ашык адам катышса, алардын 170и чет элдик туристтер болду. Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдакты Казакстандан келген коноктор 400 миң сомго сатып алды. Мындан сырткары көптөгөн шырдактар, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө коюлган буюмдар сатылып, кардарларын тапты.