«Бизди эч качан сындыра алышпайт». Равшан Жээнбеков сотко жеткирилди (видео)

Бүгүн, 20-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтүп жатат. Отурумга экс-депутат Равшан Жээнбеков гана жеткирилди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов залга алып келинген жок.

Саясатчы соттук отурум өтүүчү залга кирип келе жатып, аларды эч качан сындыра албастыгын айтты. «Бир да бийлик саясатчыларды куугунтуктап жатып, ийгиликке жеткен эмес. Канчалык басым жасаса, бийликтин өзүнө азап болот. Кумтөр боюнча да абал оор. Биз соттон уттурабыз», — деди ал.