Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар 31-августта Ошто өтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Ал өз сөзүндө Насирдин Исанов Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри гана болбостон, өлкөнүн “башкы куруучусу” экенин, анын учурунда борбордо жана республиканын башка шаарларында ири курулуштар жүргүзүлгөнүн белгиледи.

“Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында өткөрүлөт”, — деди Акылбек Жапаров.