Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу “Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу” механизми жөнүндө маалыматтык видеороликти жарыялады.
Видеоролик Улуттук банкы тарабынан жарандардын финансылык коопсуздугун камсыздоо, башка бирөөнүн атына жасалма маалыматтар менен насыя алынуусуна бөгөт коюу иштерин жүргүзүү максатында даярдалган.
«Бул иштер Кыргыз Республикасынын “Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча” мыйзамды ишке ашыруу максатында жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.