«Насыя төлөп жүрөм». “Аялым эч нерсеге жарабайсың деп 3 бала менен таштап кетти” деген кишиге мурдагы жубайы жооп берди

17-сентябрда SUPERTV телеканалына «Аялым эч нерсеге жарабайсың деп, 3 бала менен таштап кетти» деген Нурсадык Ураимовдун видеосу жарык көргөн. Ал «жубайым качан кайтып келсе да, кабыл алууга даярмын» деген эле. Көп өтпөй каармандын мурдагы жубайымы «өз чындыгым бар» деп кайрылды.

«Ооруганда ооруканаларга көрсөтүп, жаткырып, акча жетпей калганда насыя алдым. Азыр ошону төлөп жүрөм. 40 миң сомдой алгам. «Балдарды 2,5 жылдан бери багып келем» дегени да калп. Соттун чечими чыкканча ар кайсы жерден жардам издеп жүрөт. Балдарды жардамга муктажмын деп өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кармап турат. Мени каралаш үчүн ар кайсыны сүйлөөдө. Мен жарашпайм, азыр балдарды алсам болду», — деди ал.