Аламүдүн районундагы Пригородное айылында жеке менчик банктардан насыя алып, аны төлөй албай калган он чакты аял өзгөчө каршылык акциясын уюштурушту. Алар колдоруна бензин куюлган бөтөлкөлөрдү көтөрүп алып, эгер талаптары аткарылбаса, өздөрүнө өрт коюшарын билдиришүүдө.
Алардын айтымында, мындан 2-3 жыл мурун жеке менчик банктардан насыя алышкан. Пандемия каптаган бир жыл ичинде насыянын пайызын төлөй албай калган айрымдары жалгыз үйлөрүнөн ажырап калышты.
Мындан улам, алар банк тарабынан алынып коюлган үйлөрдү кайра ээлерине кайтарып берүүнү жана мындан ары насыяны 3% менен гана берүүнү же болбосо таптакыр жоюп салууну талап кылышууда.