Назарбаев Акаев менен Бакиевди куткарып калгам дейт

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев бийликтен куулган Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Кыргыз өлкөсүнөн чыгарууга кантип жардам бергенин айтып берди.

Акаевди Бишкектен Таразга тик учак менен алып келүүгө туура келген. Абал оор эле, ок чыгарылышы ыктымал эле. Кийин ушундай эле окуя кайталанды. Ошко барып, өз тарапташтарын чогултуп, аларга курал таратып, Бишкекке жолго чыгууга даяр болчу. “Курманбек, эмне кылып жатасың, эмнеге? Кан төгүлөт. Сени Оштон чыгарып кетейин. Жанымда болосуң, бул жактан сүйлөшүү жүргүзөсүң” дедим. Аны араң көндүргөм. Алып чыгып кетпесек, ал жакта чоң кан төгүү болмок” деп Назарбаев даректүү тасманын алкагында 15 жана 10 жыл мурдагы окуялар тууралуу баяндап берген.