«Нерв болбоңуздар». Депутат Түлөбаев малга салык киргизүү боюнча позициясын билдирди

«Нерв болбоңуздар». Депутат Балбак Түлөбаев малга салык киргизүү боюнча позициясын соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Көптөгөн шайлоочулардан «малга салык киреби?» деген кайрылуу түшүүдө. Жогорку Кеңеште ар ким өз оюн айтканга укуктуу. Агрардык комитеттин башчысынын орун басары катары айтарым, мындай мыйзам долбоору, сунуш келип түшө элек. Бул татаал процесс. Айтса эле эртең кире калбайт. Ал өкмөттөн, коомдук угуулардан өтүшү керек, негизи эле бир мыйзамдын өтүшү бир жылдык убакытты алат. Жеке оюмда бул сунуш өтпөйт. Жогорку Кеңештеги башка кесиптештер да бул сунушту колдобойт деп ойлойм. Кабатыр болбоңуздар. Нерв болбоңуздар», — деп айтылат билдирүүдө.