Netflix Кыргызстан менен Казакстанда реалити-шоу тартууга келет

Бүт дүйнөгө таанымал Netflix стриминг платформасы Кыргызстан менен Казакстанда реалити-шоу тартыла тургандыгын жарыялады. Алматы акимчилиги тартуу иштери 20-майдан 30-майга чейин өтөрүн казак басылмаларына билдиришкен.

«Компания өзүнүн тревел-шоу берүүсү үчүн Алматы менен кыргыз табиятын локация катарын тандап алган», — деп билдиришкен Алматы акимчилигинен.