31-августта Канаданын Квебек провинциясындагы кыргыз коомчулугу тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган символикалуу иш-чара уюштурулду.
Майрамдык саамалык Ниагара шаркыратмасынын жээгинде өтүп, Кананада жашаган кыргыз диаспорасынын биримдигинин символуна айланды. Кыргыз диаспорасынын демилгеси жана Niagara Falls Illumination Board уюмунун колдоосу менен уюштурулган иш-чаранын негизги окуясы катары Ниагара шаркыратмасынын Кыргызстандын мамлекеттик туусунун түстөрүндө жаркыроосу болду. Бул иш-аракет Кыргызстанга жана анын маданий мурастарына болгон терең урматты айгинеледи.
Программага Кыргызстандын мамлекеттик гимнин аткаруу, кыргыз улуттук аспабы — комузда обондуу чыгармаларды ойноо жана улуттук кийимчен улан-кыздар тарабынан аткарылган “Кара жорго” флешмобу кирди.
Майрамга Канаданын ар кайсы шаарларынан, анын ичинде Торонто, Монреаль жана чек арага жакын аймактардан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана Кыргызстандын достору катышышты.