ДССУ: «Жаңы пандемия пайда болушу мүмкүн»

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Nipah же NiV вирусунан пандемиянын келип чыгышы мүмкүндүгүн четке какпайт, деп жазат “Известия”.

Алгач бул оору 1999-жылы Малайзияны Нипах дарыясында жашаган чочко фермерлеринин арасында аныкталган, ал жерден оору өз атын алган. Андан бери бул оору Түштүк Азияда дагы 12 мамлекеттен аныкталган.

NiV илдетинен өлүмдүн көрсөткүчү 40-75 пайызды түзүшү мүмкүн. Вирус өтө тез тарайт. Оору белгилери жок өтүп, өлүмгө жетелеген энцефалитке алып келиши мүмкүн. Ал үчүн азырынча дары табыла элек.

Вирустун табигый алып жүрүүчүлөрү — жарганаттар  түркүмүнө кирген жемиш жеген түлкүлөр (ал Кытайдын түштүгүндө, Түштүк-Чыгыш Азияда, Жаңы Гвинеяда жана Австралияда кеңири тараган). Вирус Африкада жашаган учуучу түлкүлөрдөн дагы аныкталды. Ошол эле учурда, жаныбарлар өздөрү оорубайт.

Окумуштуулардын айтымында, адамдар оорулуу чочколор менен байланышкандан кийин, ошондой эле мөмө-жемиш жарганаттарынын секрециясы менен булганган жемиштерди (биринчи кезекте курма, курма пальмасынын ширеси) жегендиктен жуккан.

NiV’дин алдын алуу үчүн ДССУ жаңы жыйналган курма ширесин кайнатып, мөмө-жемиштерди колдонуудан мурун жууп, кабыгынан тазалоо керек деп эскертишет.

Вирустун адамдан-адамга жугуу тобокелдигин азайтуу жаатында ДССУ бул вирусту жуктуруп алган адамдар менен физикалык байланыштан алыс болууну, колду дайыма жууп турууну жана гигеналык каражаттарды колдонууну сунуш кылат.