Ноокат жана Ысык-Көл округу боюнча шайлоо 30-июнга дайындалды

№ 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды.

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу токтом кылынат:
1. № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2024-жылдын 30-июнуна дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.