Ноокат менен Чоң-Алайда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Милициянын түшүндүрмөсү

Ноокат менен Чоң-Алай райондорунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден мындай чечимдин себебин түшүндүрүштү.

«Ош облусунун Төлөйкөн ат майданында болгон тартип бузуулар боюнча өзүңүздөргө белгилүү болгондой коомдук тартипти бузган жарандарга карата кылмыш иши козголгон жана тергөө иштери башталган. Ошол тергөө иштеринин жүрүшүндө тергөөгө ар кандай тоскоолдуктар жаралбашына жана регион аралык бөлүп жарууга себеп болуучу саясий акцияларды токтотуп туруу боюнча сунуш келтирилген. Бул аракеттер жарандардын укуктарын коргоодо мыйзамдуулукту тараптарга тең камсыз кылуу үчүн көрүлгөн зарыл чаралар болуп саналат», — дешти.