Ноокат округу боюнча депутаттыкка 2 адам талапкерлигин көрсөттү

30-июнда ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №5 Ноокат шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Айдосов Айболот Абдурахмановичтен жана Марипов Бакытбек Асамидиновичтен арыз келип түшкѳн. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 30-майда аяктайт.

Өзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү БШКга талапкердин ушул шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталуу ниети жѳнүндѳ арыз берүү жолу менен жүргүзүлѳт. Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү ар бир талапкер кѳрсѳтүлѳ турган шайлоо округун кѳрсѳтүү менен курултайда ишке ашырылат. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди кѳрсѳтүүгѳ укуктуу.