Ноокат районунун мурдагы акими Камчыбек Салиев 67 жашында каза болду

Кечээ, 7-январда мамлекеттик ишмер Камчыбек Салиев 67 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Камчыбек Салиев 1956-жылдын 15-августунда Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган, кесиби инженер-механик. 1980-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу бөлүмүн аяктаган. Ал эмгек жолун 1975-жылы Ош шаарындагы №21 жолдорду оңдоо ишканасында слесарь болуп иштөөдөн баштап, 1990-1992-жылдары Кызыл-Теит колхозунун башкармасынын төрагасы, 1998-2001-жылдары Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, 2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын январь айына чейин Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, 2012-жылдын март айынан баштап өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси, 2016-жылдын июнь айынан баштап Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын начальниги болуп эмгектенип келген.