Ноокатта 3 эм уул төрөлдү

3-декабрь күнү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ноокат аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жарык дүйнөгө келген 3 эм ымыркайлардан жана эненин ден соолугунан кабар алды.

“Элибизде эгиз төрөгөн аялдарды касиеттүү деп аташат, ал эми сиз үч эмди төрөп отурасыз, бул жышаналуу касиетиңизди аздектеп, бөбөктөр элдин керегине жараган эр-азамат жана өмүрлүү болуусуна тилектешмин”, — деди. Өзүнүн резеврдик фондунун эсебинен 30 миң сом акчалай белегин тапшырды. Аны менен бирге Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы бөбөктөргө керектүү буюмдарды, кийим- кечектерди тапшырды.

Үч эм ымыркай 29-ноябрда жарык дүйнөгө келишкен. Ымыркайлардын энеси 1999-жылы туулган Батырбек кызы Нуржамал. Буга чейин бир уулдуу болушкан. Ымыркайлардын үчөө тең эркек балдар. Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы.