Ноокатта жашоо-шарты оор үй-бүлөгө үй куруп беришти

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук хатибияты тарабынан муктаж үй-бүлөгө үй салып берилди. Бул тууралуу Ноокат районунун баш имамы Бекназар Жапаров билдирди.

«Үйдү салып берүүгө кеткен каражат хатибияттын алдында ачылган кайрымдуулук фондунун ишмердиги, эл-журттун колдоосу аркылуу ишке ашты. Буйруса фонд аркылуу элибиздин берилген аманаттарын өз ээлерине жеткирүү жоопкерчилиги ийгиликтүү болуп жаткандыгы баарыбызды кубантып турат. Буга чейин аталган фонд аркылуу районубуздагы абалы эң начар деп табылган мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк эле, эми минтип бир үй-бүлөгө үй тапшыруу аземи болуп жатат. Ар бир иште колдоо көрсөтүп турган берешен элибизге терең ыраазычылык билдиребиз», – деди баш имам.

Үйдүн курулуш иштерин бүткөрүүгө 875 миң сом акча каражаты сарпталган.