Ноокатта өлтүрүлүп, суунун боюна ташталган жаран. Үчүнчү шектүү милицияга өзү барды

Ноокатта буга чейин эркек кишинин жансыз денеси табылган. 44 жаштагы жаран киши колдуу болуп, анын жансыз денеси Капка жайлоосунда жайгашкан суунун боюна ташталган. 12-сентябрда кылмышка шектелип, 23 жана 19 жаштагы жигиттер кармалган.

Ош ОИИБден билдиришкендей, Орусияда качып жүргөн 19 жаштагы жаран кармалды. Ал 17-сентябрда Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнө өз ыктыяры менен келип, кылмыш иши боюнча күнөөсүн мойнуна алып, терөө кызматына сурак берген.

Аталган кылмыш иши боюнча ага Кылмыш жаза кодексинин 122-берененин (адам өлтүрүү ) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катарында Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Жалпы бул кылмышка шектүү деп 3 жаран кармалды.