Ноокатта селдин кесепети ӨКМдин техникасы менен жоюлуп жатканы маалымдалды

Кечээ, 29-июнь күнү Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында сел сай жана сел агындыларын тазалоого ӨКМден экскаватор техникасы жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын техникаларынын жардамы менен жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери башталып, бүгүн, 30-июнь күнү уланууда.

Ошондой эле, Ноокат районун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылынын Ак-Өтөк айылынын сел сайын тазалоого министрликтен экскаватор тартылып, бүгүн, 30-июнь күнү селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат.