Ноокатта селдин кесепетинен каза болгондордун саны 7 кишиге жетти. Издөө иш-чараларынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан дагы 1 жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы 7 атуулдун жансыз денеси ӨКМ тарабынан табылып, алар 2005-жылы туулган К.Б., 2008-жылы туулган М.Б., 2012-жылы туулган Ж.А., 2013-жылы туулган М.кызы И., 2016-жылы туулган М.уулу И. 2013-жылы туулган К.Б. жана 1976-жылы туулган Ж.А. экендиги аныкталды.
29-июнь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы түнкү саат 03:00 чамасында “Айгай” белгиси боюнча түп көтөрүлүп, Ноокат районунун сел аккан аймагына жөнөп кетишкен. Таңкы саат 06:00 чамасында окуя болгон жерге жетип барышып, сууга агып кеткендери издөө иштерин баштаган. Ошондой эле, жайлоодо жана эс алуучу жайларда аккан суунун агымы чоң болуп өтө албай калып кеткен жарандарды алып өтүү максатында жасалма көпүрөлөрдү орното башташкан. Милиция кызматкерлери жасалган көпүрөлөр аркылуу жана кээ бир жерлерде аркан тартышып, суу кечишип, жарандарды коопсуз жайга алып өтүшкөн. Учурда издөө иштери жана селдин кесепетинен зыян тарткан жерлерди калыбына келтирүү иштери уланууда.
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...