Ноокаттагы электриктердин үзүлгөн чубалгыларды оңдоого бара жаткандагы видеолору

Ноокат районундагы электриктердин үзүлгөн чубалгыларды оңдоого кетип бара жаткандагы видеолору жарыяланды.

Видеодо Ноокат РЭТтин Көк-Бел аймагынын электриктери тартылган. Алар авариялык кырдаалга ыкчам реакция кылып, үзүлгөн аба чубалгыларын калыбына келтиришкен. Видеонун автору алардын саат 16:00дө түшкү тамак жеп жатканын айтат.