Ноокаттагы сел: Каза болгондордун саны 10 кишиге жетти

Кечээ, 1-июлда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата айылындагы Абшыр-Ата сайынан издөө иштеринин натыйжасында жергиликтүү тургундар тарабынан саат 15:50дө баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Учурда табылган баланын аты-жөнүн тактоо иши жүрүүдө. Жалпы селдин кесепетинен 10 адам каза болгон. ӨКМден аталган сайга издөө үчүн 85 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 100 ашуун адам тартылган.