Ноокаттагы селден каза болгон 4 баланын сөөгү Казакстанга жеткирилди

Кыргызстанда каза болгон казакстандык 4 баланын сөөгү мекенине Казакстандын Усть-Каменогорск шаарына жеткирилгенин Tengrinews.kz басылмасы Чыгыш Казакстан облусунун акимчилигине шилтеме берүү менен жазды. 

«Бүгүн каза болгондордун сөөгү атайын учак менен Усть-Каменогорск шаарына жеткирилди, балдардын жакындарына жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түзүлүп, анын курамына облустун бардык кызматтарынын адистери кирди», — деп айтылат облустук бийликтин билдирүүсүндө.

«28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрдү. Селдин кесепетинен жолдор, көпүрөлөр бузулуп, турак жайларды суу каптаган. Каза болгондордун арасында Казакстандан барган төрт бала болгон, алар Кыргызстандагы туугандарына конокко барган», — деп айтылат маалыматта.