Ноокаттагы суунун боюнан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Ноокатта суунун боюнан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

3-сентябрь күнү саат 19:59 чамасында Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын Капка жайлоосунда жайгашкан суунун боюнан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы маалымдалган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда аты-жөнү такталбаган 30-35 жаш чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Ал эми «Турмуш» басылмасы макумдун сүрөтүн жарыялады.