Социалдык тармактарда Ноокаттагы улак тартыштан видео тараган. Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.
“6-апрель күнү Ноокат районунун Жаны-Ноокат айыл аймагында жайгашкан ат майданында болуп өткөн улак тартышта улакчылар ат майдандын сыртына улак тартышып чыгып кеткен. Кесепетинен соода кылуу үчүн улак болуп жаткан жерге унаасын жакын токтоткон 2 жарандын унаасы зыянга учурап, ээлерине материалдык зыян келтирилген. Аталган факты Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынган. Автоунаанын ээлери арыз жазуудан баш тарткан. Болуп өткөн улак тартышта жабыркагандар жок”, — деп айтылат маалыматта.