Ноокаттын тойлорун “жарган” Мираж Акбаев Андрей Малаховдун берүүсүнө барды (видео)

12 жаштагы Мираж Акбаев орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун «Песни от всей души» берүүсүнө барып, Юрий Шатуновдун «Белые розы» ырын аткарды. Бул берүү 5-ноябрда көрсөтүлдү.

Мираж Акбаев синтезатордо кол ойнотуп, баарын бийлетти. Берүүдө анын үй-бүлөсү, чыгармачылыгы тууралуу видео көрсөтүлдү. Андрей Малаховго калпак кийгизилип, комуз белекке берилди. 

Буга чейин SUPERTV телеканалы Бекжан Темирхандын “Сурмаларың”, “Мадам”, “Кантем” жана башка ырларын синтезаторго салып тойлордо ырдап жүргөн Мираж Акбаев менен Ош шаарынын чок ортосунда сейил бакта ырдап, маектешкен.