Учурда 12 жаштагы Мираж Акбаевдин тойдо ырдаган видеосу интернет желесинде тарап жаткан убагы. Ал синтезатордо катыра ойноп, көпчүлүктү колдоосуна татып, айрым интернет колдоонуучулары аны “экинчи Ильяз Абдразаков экен” деген пикирлерин калтырышууда. Биз жаш талант менен байланышып жакындан тааныштык.
«Мен өзүмдү «звезда» сезбейм. Элдин кызматындагы эле Миражмын. Ноокат районунун ичинде эле жүрөбүз. Башка облустагы тойлорго да барабыз. Мен Ош облусунун Ноокат районунун Темир-Корук айылында жашайм. Ошол эле айылдагы мектепте 5-класста окуйм. Мен 1-класстан бери эле музыка жолунда жүрөм. Тойлордо атам экөөбүз эл кызматында жүрөбүз. Бир тойдо караоке менен ырдагам. Ошол күнү бир байке видеого тартып алып, интернетке жүктөптүр»,- деди ал.











