Ноокаттын тойлорун шаӊга бөлөгөн 12 жашар бала: «Тойлордо анча-мынча кыстырмайлар болуп турат»

Учурда 12 жаштагы Мираж Акбаевдин тойдо ырдаган видеосу интернет желесинде тарап жаткан убагы. Ал синтезатордо катыра ойноп, көпчүлүктү колдоосуна татып, айрым интернет колдоонуучулары аны “экинчи Ильяз Абдразаков экен” деген пикирлерин калтырышууда. Биз жаш талант менен байланышып жакындан тааныштык.

«Тойлордо анча-мынча акча кыстырмайлар болуп турат. Кызыктуу окуялар да болот. Бир жолу тойдо отурганбыз. Анан мен үйлөнүү тойдо ырларга аттарын кошуп ырдайм. Бул кызыгууну арттырат. Мен бир угуп эле чертем. Учурда Ноокат шаарында музыкалык мектепке барып жатам. Ямаханы мага атам үйрөткөн. Азыр тойлор көп болуп жатат. Мага Ильяз Абдразаков, Бекжан Темирхан, Нурлан Насип, Данияр Эрматов агаларыбыз жагат», — деди ал.