Ноокаттын тойлорун шаӊга бөлөгөн 12 жашар баланын атасы: «Мираж» тобу жакчу. Ошол үчүн балама Мираж деген ат койгом»

Учурда 12 жаштагы Мираж Акбаевдин тойдо ырдаган видеосу интернет желесинде тарап жаткан убагы. Ал синтезатордо катыра ойноп, көпчүлүктү колдоосуна татып, айрым интернет колдоонуучулары аны “экинчи Ильяз Абдразаков экен” деген пикирлерин калтырышууда. Биз жаш талант менен байланышып жакындан таанышып, атасы менен да маектештик.

«Мен уулума Мираж деп ат койгон себебим, «Мираж» деген топ бар болчу. Мен жакшы көрчүмүн. Ошол үчүн Мираж деп койгом. Таланты жактан мени тарткан окшойт. Уулум мектепте окуйт, тойлорго бош убактысында эле барат», — деди ал.