Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайында одоно мыйзам бузуулар аныкталды

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Тергөөдөгү камалгандар менен таанышууда бир жарандын Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгүнүн (ээнбаштык) негизинде кылмышка шектүү деп табылып, 13 -августта Ноокен соту 11-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Бирок 12-октябрда ал соттун чечими жок УКЖда кармалып отурган. Бул мыйзамды одоно бузуу болуп саналат. Ошондой эле, мониторингдин жүрүшүндө УКЖ аптечкасында мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер бар болгону аныкталган, ал эми бир нече шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгенде медициналык текшерүүдөн өтүшкөн эмес. Жогорудагы фактылардын негизинде тиешелүү акттар түзүлгөн, алар мамлекеттик тийиштүү органдарга жоопкерчилик чараларын көрүү жана мыйзам бузууларды четтетүү үчүн жөнөтүлөт.