Ноокенде 2 жаран «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты

Ноокен районунун 2 тургуну «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришкен.

“Жалал-Абад ОИИБи тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 4 адам каттодон чыгарылган. Ошондой эле мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 191 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Облус аймагында ЭММКАК багытында 553 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 493 адам «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган”, — деп айтылат маалыматта.