Ноокенде 26 жаштагы кыз дээрлик 1 айдан бери дайынсыз болуп жатат

Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылынын тургуну 1996-жылы туулган Абдумомунова Алина Эмилбековна 6-январь күнү саат 8:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, хиджаб кийип алган болушу мүмкүн.
Кийген кийимдери: көк түстөгү баш кийим жана шарф, сары түстөгү куртка, кара түстөгү шым.

Дайынсыз болуп жаткан кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03734) 5 05 44, 0555 00 31 00, 0771 46 04 61 номурларына кайрылсаңыздар болот.