Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну 1994-жылы туулган Каримова Динара Мырзамамитовна 19-август күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Учурда Динара Каримованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, ак жүздүү, чачы кара кыска.
Кийген кийимдери: Көк түстөгү гүлдөрү бар ак көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим.
Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин номурга кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Номурлар: (03734) 5 05 44, 0755 66 62 88.