Ноокенде мисте фестивалы өттү

Кечээ, 28-август күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында эл аралык мисте фестивалы өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Жалад-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурлан Шаршеналиев, токойчулар, жеке ишкерлер жана илим чөйрөсүнүн адамдары, жергиликтүү тургундар катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл иш-чаранын уюштуруунун максаты облус аймагында өстүрүлгөн мистени чет өлкөгө таанытуу, инвесторлорду тартуу, аянттарын туура пайдалануу менен кайра иштетүүнү жолго алуу экенин билдирди. Бул багыттагы көрүлгөн натыйжалуу аракеттер бюджетти арттыруу менен тургундардын да кирешесин көбөйтөөрүн айтты. Бүгүнкү жергиликтүү бийликтин демилгеси менен уюштурулган мисте майрамы да ага чоң салым кошоорун, алдыда кайра иштетүү боюнча натыйжалуу долбоорлор каржылык колдоого алынаарын белгиледи. Фестивалда сахна жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа орун алып, аймакта өстүрүлгөн мистенин түрдүү сорттору жана башка айыл-чарба азыктарынын көргөзмө жарманкеси менен уланды. Иш-чаранын соңунда мисте түшүмдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча алты мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусундагы онлайн форум болду.

Жалал-Абад облусунда 33 миң гектардан ашык мисте токой бар. Анын 11 миң гектары Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасына карайт.